
Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү абанын булганышына алып келген коомдук транспортторду текшерүүгө алууда. Айрымдарынын катализаторлору жок болууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү мамлекеттик экотехинспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте коомдук транспорттордон, автобустардан бөлүнүп чыккан кара түтүндү текшеришүүдө. Анткени эскилиги жеткен же техникалык бузуулардан улам же туура эмес күйүүчү майлардан чыккан зыяндуу кара түтүн атмосфералык абага терс таасирин тийгизип, зыяндуу заттарды бөлүп чыгууда. Бул көрүнүш абаны булгоо менен жарандардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, жөтөл, кан-тамыр, жүрөк жана өпкө ооруларына алып келүүсү медицина тармагын да тастыкталып келүүдө.
Текшерүү учурунда авто унаалардан чыккан кара түтүн айрым авто унаалардын кыймылдаткычынан чыккан зыяндуу түтүндү кармап калуучу катализатордун жок экендии да аныкталууда.
Аныкталган туура эмес көрүнүштөрдү калыбына келтирүү багытында тийиштүү эскертүүлөр жана чара көрүүлөр боюнча иштер жүргүзүлүп, жол кыймылынын коопсуздугу багытында айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.