Токмокто унаанын терезесин сындырып, ичинен акча уурдаган жаран кармалды

Токмоктук милиция кызматкерлери 8 миң сом уурдоого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Токмок шаардык милициясына 19-декабрда 28 жаштагы И.И. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 19-декабрга караган түнү Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган автоунаасынын терезесин белгисиз бирөө сындырып, унаадан 8 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары 31 жаштагы У.Е. аттуу жаран кармалган.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД