Бишкекте Алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү

Бишкек шаарындагы Кожомкул Каба уулу атындагы спорт сарайында Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган Алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык Гран-при эл аралык мелдешти өттү. Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия департаментинен билдиришти.

Быйыл турнир 10-жолу өтүп, ага Украина, Иран, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 160 спортчу катышты.

Мелдештин жалпы байге фонду 540 миң сомду түзүп, жеңүүчү жана байге ээлери диплом, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ал эми баш байге: автомобиль (эркектерге) жана 1500 долларлык сертификат (аялдарга) берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД