Нарын дарыясына асма көпүрөдөн түшүп кеткен адам көз жумду

Нарында куткаруучулар асма көрүрөдөн түшүп кеткен жарандын сөөгүн суудан чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын районунун Ак-Булуң айылында Нарын дарыясында асма көпүрөдөн өтүп баратып эркек адам сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Нарын райондук №16 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда маркумдун өздүгү такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД