
Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Касымалиева Аида Камчыбековнаны Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындаган Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.