Сумаянын өлүмүнө шектелгенге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды

Жалал-Абадда Сумаянын өлүмүнө шектелип кармалган адамга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

"Шектүү суракка алынып, ал иш боюнча күнөөсүн мойнуна алып, иштин жагдайын көрсөткөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Тергөөнүн жүрүшүндө У.А. аттуу жаран Жалал-Абад областтык ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө жин оорусу менен стационардык тартипте дарылангандыгы аныкталды.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 186-беренесинин (Экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу) негизинде У.А. аттуу жаранга карата 2021-жылдын 23-декабрында соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, аны ыкчам өткөрүү жагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасынын эксперттерине тапшырылды.

Эске салсак, Сузак районундагы 9 жаштагы Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын бүгүн ИИМдин басма сөз кызматы билдирген болчу. Сумаяны өлтүргөнгө шектелип Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1973-жылы туулган У. А. кармалган.

Сурак учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткендигин, аны үч-төрт күн үйүнүн жер төлөөсүндө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, анын денеси муздап, өлүп калгандан кийин мүшөккө салып барып, дарыянын жээгине ыргытып, анын кийимдерин толугу менен өрттөп салгандыгын билдирген.

Аталган кылмышка шектүү 1973-жылы туулган У. А. Сузак районундагы айылдардын биринде жашап жүргөн. Он жыл мурда үй-бүлөсү кетип калгандыгы жана ал үйүндө жалгыз жашап жүргөндүгү такталды.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 18-ноябрында Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун тургуну 1984-жылы туулган С.У. ошол эле күнү саат 12:40 чамаларында кызы 2012-жылы туулган Сумая Хосилжанова үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

Дайынсыз болуп жаткан Сумаяны издөө иштерине жалпысынан 63 милиция кызматкери, 250 элдик кошуун жана коомчулуктан 150 ыктыярчы тартылып, Сузак айылынын 8540 кожолук, курулуп бүтпөй кароосуз калган 14 имарат, кароосуз калган 25 гараж, Жалал-Абад - Сузак каттамында каттаган 6 маршруттук таксилер жана 78 жеке таксилер текшерүүгө алынган. Атчан ыктыярчылар менен биргеликте эгин талааларында да издөө иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле 29 видеокамера текшерилип, бирок Сумая алардын бирөөнө да түшпөгөнү аныкталган.

Сумаяны издөө иштери Жалал-Абад шаарынын аймагында да улантылган. Сузак РИИБдин жана элдик кошуундар тарабынан курулушу бүтө элек, кароосуз калган 19 имарат жана 22 гараж текшерилген. Анын сүрөтү менен изделип жаткандыгы тууралуу маалыматтар башка аймактарга да илинген.

Ал эми, 2021-жылдын 27-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында Сузак РИИБге, балык уулап жүргөн Сузак районунун тургуну 1967-жылы туулган А.Р. телефон аркылуу чалып, ал Арал айылы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясынын жээгинде жаш кыздын жансыз денеси жаткандыгын кабарлаган. Айтылган дарекке Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу, Сузак РИИБдин начальниги жана орун басарлары, райондун прокурору жана РИИБдин ыкчам-тергөө топтору барышкан жана суунун жээгинен 3-4 метр аралыкта жаткан болжолу 8-12 жаштагы кыз кишинин жансыз денеси үстүндө кийимдери жок абалда табылган.

Окуя болгон жерде жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, оор жаракаттар жана дене мүчөлөрүнүн сынуусу байкалбаган. Ошондой эле жансыз дене дайынсыз болуп изделип жаткан Сумая Хосилжанова экендиги аныкталган.

Алгач бул факты Сузак РИИБинде табылган өлүк болуп катталган. Текшерүү, иликтөө иштеринин натыйжасында бул факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү бардык соттук-медицианлык экспертизалар дайындалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД