
Кайрымдуулук жана жардамга муктаждарга кол сунуу бир гана кыргызга эмес жалпы адамзатына тиешелүү эмеспи. Айрыкча ооруп жаткан адамдардын акыбалын сурап, жардам бергенден артык жакшылык не бар... Андай кайрымдуу жаштардан кыргыздын уучу кур эмес.
Маселен, ордо калаадагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаментинин кызматкерлери Улуттук онкология борборунда гемофилия жана лейкоз оорусу менен жабыркаган бөбөктөр үчүн жаңы жылдык кече уюштуруп, белек берип, наристелердин көңүлүн көтөрүштү. Иш чара үчүн аталган кызматтын кызматкерлери өз каражаттарына таттууларды алып, активдүү студенттер аяз ата, аяз кыз болуп, бөбөктөрдү ырдатып бийлетүү менен көңүлдөрүн алды.
Албетте жогорудагы оору менен алпурушуп жаткан 40тан ашык бөбөктүн көңүлүн алуу үчүн убактыларын бөлүү алкоого арзыйт. Мындан тышкары дагы ушул сыяктуу муктаждарга кол сунууга дайым даяр болгон жаштардын мууну өсүп, көп болсун деген тилек менен окуу жайдын кызматкерлери жыл сайын салтка айлантабыз деген билдирүүлөрүн калтырышты.