Сүлүктү милициясы кылмыштардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүдө

Сүлүктү милициясы кылмыштардын алдын алууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жаңы жыл майрамына карата Сүлүктү милициясы эл арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо, коомдук тартипти сактоо максатында 24-декабрдан 26-декабрга чейинки аралыкта калк арасында комплекстүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Мал уурулуктардын алдын алуу, көчө кылмыштарын болтурбоо жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө максатында кызматкерлер топторго бөлүнүп алып күндүзгү жана түнкү смендерге бөлүнүп ар бир көчөлөрдө иш алып барууда.

Сүлүктү шаарында быйылкы жылы бети ачылбай калган мал уурулук фактылары жок. Шаарда негизинен көчө кылмыштары, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар катталып, быйылкы жылы 15 жаранга коргоо ордери берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД