
ЖАКнын кызматкерлеринин балдары үчүн жаңы жылдык балаты өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматкери Элеонора Шаршеналиева билдирди.
Басма сөз катчынын берген маалыматына ылайык, бүгүн, 24-декабрда ЖАКнын жетекчилиги жана ардагерлер кеңеши тарабынан кызмат учурунда каза болгон ЖАКнын кызматкерлеринин балдары үчүн даярдалган жаңы жылдык майрамдык программа болуп өттү.
Балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, ЖАКнын төрагасы, генерал-майор Аскат Эгембердиев: "Силер биздин үмүтүбүз жана таянычыбызсыңар, үй-бүлөңөр жана досторуңардан жалаң гана сүйүү жана алкоолордо болушуңарды каалайм", - деди.
Аяз кыз менен Аяз Ата бир нече кызыктуу сынактарды өткөрүштү, андан соң бардык балдарга белектерди тапшырышты.
Мындай иш чара ар жылы өткөрүлүп турат. Майрам балдардын гана эмес, алардын ата-энелеринин да жаккандыгын алардын жузунөн байкача болот.
ЖАКнын ардагерлер кеңеши донорлор менен биргеликте ар кандай эскерүү иш-чараларын өткөрүп келет. Атап айтканда, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин балдарына колдоо көрсөтүү максатында аларга кийим-кече, окуу куралдары, тамак-аш түрүндө материалдык жана гуманитардык жардам көрсөтүп келет.