
2021-жылдын 26-декабры, саат 11.00 карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, түн тынч өтүп чыр-чатак катталган жок.
Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.
КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат.