Асылбек Жээнбеков менен Акылбек Жапаров куда болушту

Жогорку Кеңештин экс-спикери, мурунку президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров куда болушту. Бул тууралуу аталган саясатчылардын жакындарынын сөзүнө таянып айрым басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мурунку президенттин иниси Асылбек Жээнбеков кызы Бегимайды Акылбек Жапаровдун уулу Максатка берген.

Кыз узатуу аземи кечээ, 25-декабрда өткөн. Экс-спикер кызын борбор калаанын кичи райондорунун биринде жайгашкан үйүнөн узаткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД