
Кароосуз калган баланы байкасаңыз, дароо чалыңыздар. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкектин Октябрь районунда кароосуз калган балдарды жана өспүрүмдөрдү, ошондой эле кайыр сураган же иштеген балдарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүлүүдө.
Иш-чараны акимчилик, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, социалдык кызматкерлер, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери, билим берүү борборунун өкүлдөрү өткөрүүдө.
Натыйжада кайыр сураган 22 чоң адам жана 1 жашы жете элек өспүрүм аныкталды.
Орто-Сай базарында атасына тамак-аш сатууга жардам берген бир өспүрүм аныкталды. Социалдык кызматкерлер ата-энелердин жоопкерчилиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул үй-бүлөнү көзөмөлгө алышкан.
Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз бала иштеп же кайыр сурап жүргөнүн көрсөңүз, борбор калаанын балдарды жана үй-бүлөнү колдоо боюнча ишеним телефонуна кайрылыңыз:
- Биринчи май району: 0 (312) 67-03-86;
- Ленин району: 0 (312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0 (312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0 (312) 51-03-75.
- Балдарга жардам борбору: 0 (312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111.