Элмирбек Иманалиевдин ырларын аткаруучуларга сынак жарыяланды

Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин ырларын аткаруучуларга сынак жарыяланды. Бул тууралуу сынактын уюштуруучулары билдирди.

Төкмө акын, ырчы, обончу, КРдин эл артисти Элмирбек Иманалиевдин жаркын элесине арналган жана анын чыгармачылыгын эл арасында кеңири даңазалоо, ошондой эле эл-аралык деңгээлге чыгаруу максатында Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын аткаруучулар арасында өткөрүлүп жаткан кароо-сынактын жобосу.

Кароо-сынак 15 жаштан 40 жашка чейинкилер арасында 2022-жылдын 15-16-январда КТРКнын концерттик залында өткөрүлөт.

Баса белгилеп кетүүчү жагдай Элмирбек Иманалиевдин автордук бир нече чыгармаларын аткаруучулар арасында жүрүп жаткан кароо-сынактан тышкары, автордун ырларын келечекте чет тилдерде да жайылтууну максат кылып, "Аруузатым" аттуу ырын англис же орус тилдеринде аткаргандар арасында өзүнчө сынак жарыяланып жатат. Андыктан жобонун талаптары түшүнүктүү болуш үчүн 1-сынак жана 2-сынак деп шарттуу аталган.

"Бул сынактардын максаты Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү жана чыгармаларын түбөлүк сактоо ошондой эле чыгармаларын башка тилдерде дагы жайылтуу болуп саналат. Эн негизги максат Элмирбек Иманалиевдин өнөр жолун жолдогон төгөрөгү төп келген, ар кандай жанрдагы ырларды комуздун коштоосунда чебер аткара алган мыкты аткаруучуларды жана жаш таланттарды эл алдына алып чыгуу болуп саналат.

Келечекте Элмирбек Иманалиев атындагы эки жылда бир берилүүчү сыйлык жана чыгармаларын аткаруучулар арасында атайын кароо-сынак өткөрүп турууну максат кылып жатабыз. Быйылкы кароо-сынакты Элмирбектин автордук чыгармаларын аткаруучулар гана арасында өткөрүп жаткан болсок, кийинки жылдардан тартып Элмирбек Иманалиевдин репертуарындагы (Элмирбек аткарып бизге калтырган ) баардык чыгарамары арасында сынак уюштурсак деген тилек бар", - деп айтылат маалыматта.

Сынактардын жүрүшү жана эрежелери

1-сынак

Салттуу музыкалык искусствонун аваздык-аспапчылык багытын алып жүрүүчүлөрү, тактап айтканда Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда профессионалдык денгээлде ырдай алган баардык өнөрпоздор жана музыкалык атайын орто, жогорку окуу жайлардын студенттери катыша алышат. Ошондой эле заманбап ыкмада (эстрада, аккордеон, ансамбль, оркестр ж.б.) аткарам деген аткаруучулар үчүн да кошумча сыйлыктар каралгандыктан бул жааттагы өнөрпоздор да катышса болот.

Сынак Элмирбек Иманалиевдин ар кайсы жанрдагы (обондуу ырлар, көлөмдүү ашыктык ырлар, терме, санат, жоктоо, кайрылуу,ж.б.) автордук чыгармаларын аткаруучулар арасында жүргүзүлөт. Автордук чыгармаларынын арасына элдик же залкарлар инсандарга таандык айрым чыгармалардын обонун Элмирбек Иманалиев иштеп, аткарып эл алдына алып чыккан жанычылдык салымы болгон болсо, Элмирбектин ошол чыгармага кошкон салымын эске алып, ошондой чыгармаларды да конкурста аткарылчу чыгармалардын катарына киргиздик) (*чыгармалардын тизмеси жобого тиркелген).

1 Бул сынактын тандоо туру 15 январь күнү өтөт.

Тандоо тур: айлампасында катышуучулар Э.Иманалиевдин тизмеде көрсөтүлгөн чыгармаларынын ичинен өзү каалаган бир чыгарманы комуз же башка аспаптын коштоосунда (аккордеон, эстрадалык аранжировка же ансамбль, оркестр ж.б.) коштоосунда аткарса болот. Калыстар атайын жободо көрсөтүлгөн балоо талаптардын негизинде карап, тандоо айлампасынан өткөн катышуучуларды аныктап, 16-январда өтүлүүчү экинчи айлампага жолдомо беришет.

Экинчи тур: айлампага жолдомо алган аткаруучулар, Э.Иманалиевдин тизмеде көрсөтүлгөн чыгармаларынын ичинен өзү каалаган (тандоо турунда аткарган чыгарманы кайра ат карууга болбойт.) эки чыгарма аткарууга тийиш. Ал эки чыгарманын бирөөсү обондуу (куплеттик формадагы чакан обондуу лирикалык ырлары) ырларынан болсо, экинчиси сөзсүз көлүмдүү чыгарма (Мисалга: Терме, санат-насыят чыгармалары, көлөмдүү ашыктык жана арман ырлары, кайрылуу, арноо же жоктоо ырлары болушу мүмкүн) же экөөсү тен көлөмдүү чыгармадан болуусу шарт. Көлөмдүү чыгармасын сөзсүз түрдө комуз аспабынын коштоосунда аткарууга тийиш. Эгерде ушул экинчи айлампада талапка ылайык көлөмдүү чыгармасын комуз аспабынын коштоосунда Элмирбек Иманалиевдин өнөр жолун улап, аткара албаса финалдык турга өтүү мүкүнчүлүгү жок. Бирок ушул экинчи айлампага өткөн конкурсанттардын ичинен эн мыкты аткаруучулар болсо (эстрадалык жана оранжировка же ансамбль, оркестрдын коштоосунда ырдаган) алар үчүн атайын баалуу сыйлыктар каралган. Жогоруда экинчи айлампадан тандалган төрт аткаруучу финалда байгелүү орундар үчүн жарышууга жолдомо алат.

Финалдык тур: Төрт аткаруучу байгелүү орундар үчүн жарышат. Э.Иманалиевдин тизмеде көрсөтүлгөн чыгармаларынын ичинен өзү каалаган бир чыгарманы комуздун коштоосунда аткаруусу зарыл. Финалда чыгарманы жогорку денгээлде аткарып, келечекте Элмирбек Иманалиевдин өнөр жолун улантууга потенциялы күчтүү, баардык талаптарга жооп берген аткаруучуларга алган упайларына жараша байгелүү орундар ыйгарылат.

2 Баалоонун негизги талаптары:

 Чыгарманын нукуралуулугу

 Аткаруучулук чеберчилиги;

 Музыкалык көркөм каражаттардын кесипкөйлүк денгээлинде колдонулушу (дем алуу, дикция, фразировка, аспап менен үндү туура коштой билиши);

 Сахна маданияты ж.б.

3 Байге-сыйлыктар:

Элмирбек Иманалиевдин автордук чыгармаларын аткаруучулар арасындагы сынакта:

• Баш байге диплом, (1 аткаруучуга)

• I-орун диплом, (1 аткаруучуга)

• II-орун диплом, (1 аткаруучуга)

• III-орун диплом, (1 аткаруучуга)

• Байгелүү орундардан тышкары обондуу ырларды эн мыкты аткарган эки аткаруучуларга жана көлөмдүү ырлар эн мыкты аткарган эки аткаруучуга атайын сыйлыктар тапшырылат.

• Булардан тышкары кызыктыруучу сыйлактар берилет.

Байге фонду – 350 миң сом.

2-сынак

- Элмирбек Иманалиевдин "Аруузатым" аттуу ырын англис же орус тилдеринде аткаргандар арасында өз өзүнчө сынак жарыяланып жатат. Тактап айтканда англис тилинде ырдагандарга өзүнчө орус тилинде ырдагандарга өзүнчө байгелүү орундар каралган. (*тиешелүү тилде чыгармалардын тексттери жобого тиркелген).

Экинчи сынак англис же орус тилинде "Аруузатым" аттуу ырды эн мыкты аткаргандар арасында жүрүп, бир гана кароо менен женүүчүлөр аныкталат.Андыктан музыкалык жөндөмү бар орус же англис тилинде аталган чыгарманы мыкты аткара алам деген таланттуу иннсандардын баары катшса болот.

Женүүчүнү аныктоо шарттары

1 Бул сынак бир айлампа менен 16 январь күнү өтөт, калыстар тобу жободо көрсөтүлгөн балоо талаптардын негизинде карап, жыйынтык чыгарат жана женүүчүлөрдү аныктайт.

2 Сынактын катышуучулары "Аруузатым" аттуу чыгарманы англис же орус тилдеринде өзү каалаган аспаптын коштоосунда, (ансамбль же оркестр менен жана ошондой эле эстрадалык минусовка ж.б.) аткарышса болот. Чыгарманын тексттери орус жана англис тилдеринде жобого тиркелген.

3 Баалоонун негизги талаптары:

 Англис жана орус тилдеринде так жана туура аткаруусу;

 Чыгарманын жаңылыгы жана өзгөчөлүгү;

 Аткаруучулук чеберчилиги;

 Мыкты оронжировка;

 Музыкалык көркөм каражаттардын кесипкөйлүк денгээлинде колдонулушу (дем алуу, дикция, фразировка, аспап менен туура коштой билиши);

 Сахна маданияты жана башка.

4 Байге-сыйлыктар:

Жогорудагы талаптардын негизинде Элмирбек Иманалиевдин "Аруузатым" аттуу ырын англис тилинде аткаргандарга 1-2-3- байгелүү орун жана орус тилинде аткаргандарга өзүнчө 1-2-3- байгелүү орундар ыйгарылат. Байге фонду – 150 миң сом. Байгелүү орундардан тышкары мыкты аткаруучулар атайын кызыктыруучу сыйлактар менен сыйланат.

Жалпы байге фонду: 500 000 (беш жүз миң) сом

Уюштуруучу топ:

 Айгине маданий-изилдөө борбору, демилгечи, ЮНЕСКОнун 2003 Конвенциянын алдындагы аккредитацияланган фонд.

 Самат Көчөрбаев, КР эмгек сиңирген артисти, манасчы

 Сыймык Бейшекеев, КР эмгек сиңирген артисти, ырчы, обончу

 Элмирбек Иманалиевдин атындагы коомдук фонду

Демөөрчү топ:

 Айгине маданий-изилдөө борбору,

 "Айтыш" коомдук фонду,

 Элмирбек Иманалиевдин атындагы коомдук фонду

 КРнын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы

 Кыргыз салттуу музыка фонду

 Diversity Freight Lines уюму

Уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүүчүүлөр:

 КТРК

 Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ

 КРнын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы

Уюштуручуу топ төмөнкү маселелердин үстүндө иш алып барат:

 Кароо-сынактын иштелип чыккан жобосунун негизинде кароо-сынакты өткөрүү үчүн баардык шарттарын түзүү;

 Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо боюнча сыйлыктарды жана мактоо баракчаларын даярдоо;

 Кароо-сынактын жобосун массалык маалымат каражаттары аркылуу жайылтуу жана ошондой эле өнөр адамдарына, маданий музыкалык окуу жайларына атайын кат аркылуу жеткирүү милдетин аткаруу;

 Кароо-сынакты өткөрүү үчүн калыстар тобунун тизмесин тактоо жана түзүү;

 Массалык-маалымат каражаттары (мамлекеттик жана жеке менчик) аркылуу кароо-сынактын өтүшүн жалпы журтка жеткирүү;

 Жободо көрсөтүлгөн баардык эрежелердин сакталышын камсыздоо.

Калыстар тобу:

 Калыстар тобунун курамына композиторлор, тилчилер, салттуу музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөрү жана Элмирбек Имадалиевдин чыгармачылыгын жакын тааныган адамдар кирет;

 Кароо-сынактын катышуучуларынын аткаруучулук деңгээлин 5-10го чейинки баллдык система менен ачык добуш берүү аркылуу аныктайт;

 Катышуучулардын көрсөткүчтөрү бирдей болуп калганда төрага эки добушка ээ экендиги эске алынуу менен төрага тарабынан акыркы чечим кабыл алынат;

 Калыстар тобунун жыйынтыктоочу чечими кайра каралбайт.

Байланыш дарек:

Айгине маданий-изилдөө борбору

Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 93

+996 778 555 692 (WhatsApp)

+996 555 504 784

office@aigine.kg


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД