Зайым алуучулардын арыздарын иликтөө боюнча комиссия кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев зайым каражаттары боюнча карыздарды өндүрүүдө мыйзам бузуу фактылары жөнүндө маалымдаган жарандардын арыздарын иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ведомстволор аралык комиссия Министрлер кабинетинин чечимине ылайык түзүлгөн. Ошондой эле зайым алуучулардын арыздарын иликтөө боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, ведомстволор аралык комиссиянын алдына жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана зайым алуучулардын маселелерин чечүүнүн тийиштүү жолдорун табуу милдети коюлган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД