Кыргызстандык 3 окуучу иран олимпиадасында 1 алтын, 2 күмүш медаль утту

Кыргызстандык 3 окуучу Геометрия боюнча иран олимпиадасында 1 алтын, 2 күмүш медалды утуп алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, геометрия боюнча иран олимпиадасы 2014-жылдан бери уюштурулуп келет. Быйыл олимпиада сегизинчи ирет өткөрүлүп отурат. Бул олимпиадага 57 өлкөдөн 4500дөн ашуун окуучу катышкан.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык окуучулар 3 медалды жеңип алышты:

1. Фёдор Корнияш, Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу – ортоңку класстар арасында алтын медаль;

2. Назар Киргизбаев, Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу – ортоңку класстар арасында күмүш медаль;

3. Тилек Аскербеков, Чыңгыз Айтматов атындагы "Сапат" лицейинин окуучусу – жогорку класстар арасында күмүш медаль.

Онлайн-форматта өткөрүлгөн бул олимпиадага окуучуларды "Газпром Кыргызстан" мектебинин жана Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин математика мугалими Мамат Ишматов жана Чыңгыз Айтматов атындагы "Сапат" лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров даярдаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД