
Талас шаарында пиротехникалык каражаттарды саткандар текшерилди. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан "Арсенал", "Укук тартип" алдын алуу иш-чараларынын алкагында жарандардын коопсуздугун сактоо аракеттери күчөтүлүүдө.
Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Орозбек Алымкулов, Талас ОИИБнин КККнын начальнигинин орун басары Марлис Каратаев, ШИИБнин участкалык инспекторлору жана ӨКМ өкүлү менен биргеликте Талас шаарынын борбордук базары жана соода түйүндөрү текшерилди. Учурда келе жаткан жаңы жылды майрамдоодо жарандар пиротехникалык каражаттарды (салют) колдонушат. Анын кээ бир учурлары ар кандай кырсыктарга алып келиши мүмкүн. Ошол себептен, сатуучуларга жана соода түйүндөрдүн башкармалыктарына коопсуздук эрежелери боюнча, жашы жете электерге сатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан тышкары, өрт коопсуздугун дагы эске алуу керектиги белгиленди. Аталган иш-чаранын негизинде 10го жакын соода түйүндөр жана сатуучулар эскертилди.