
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу "Торугарт" жана "Эркечтам" бекеттери 2022-жылдын 1-3-январь күндөрү транспорт каражаттарын жана жүктөрдү алып өтүүгө убактылуу жабык болот.
"Аталган көзөмөл өткөрүү жайлары 2022-жылдын 4-январынан тарта атайын алгоритм боюнча Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттары менен жүктөрдү гана алып өтүүгө ишин улантат", - деп айтылат маалыматта.