
Алтынбек Жумаев КР президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Мамлекет башчысынын башка буйругу менен Марс Нурай маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду. Ал бул кызматка ушул жылдын май айында дайындалган.
51 жаштагы Алтынбек Жумаев буга чейин бир нече телеканалдарда, анын ичинде 7-каналдын директору болуп да эмгектенген.
Быйыл жыл башында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун үгүт кампаниясын жетектеген. Акыркы кезде Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси болуп иштеп жаткан.