
Сүлүктү милициясы жаш өспүрүмдөрдү куттуктады. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сүлүктү ШИИБнин милиция кызматкерлери Сүлүктү шаарында жайгашкан Сүлүктү шаардык көмөкчү мектеп интернатында тарбияланып жаткан жаш өспүрүмдөрдү Жаны жылдык майрамдары менен куттуктады.
Сүлүкту шаардык көмөкчу мектеп интернатында азыркы күндө 150гө жакын 16жашка чейинки жаш өспүрүм балдар тарбияланат.
Милиция кызматкерлери жыл сайын бул мекемеде тарбияланып жаткан жаш өспүрүмдөрдү шириндиктер менен барып куттукташат. Бул саам акчалай жардам кылып жаш өспүрүмдөрдөн кабар алып келишти.