Садыр Жапаров Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы укук коргоо органдарына Кыргызстандын жаранынын жерин аныктоо боюнча тиешелүү издөө иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды.

Эске сала кетсек, буга чейин укук коргоо органдары Бишкекте "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп жаткандыгын билдиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД