Бишкек мэриясы жаш бишкектиктерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады

Борбор калаанын бардык райондорунда жаш бишкектиктер үчүн жаңы жылдык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун тургундарын аким Русланбек Тагаев куттуктады. Октябрь районунун акими да балдарга каалоо-тилектерин айтты. Балдар жаңы жылдык "Убакытка саякат" көргөзмөсүн көрүштү.

Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында Свердлов районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим балдар, жакыр үй-бүлөлөр жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр үчүн майрамдык концерт болуп өттү.

Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Бактыбек Абдиев, Айканыш Ашырова менен биргеликте балдарды келе жаткан 2022-жаңы жылы менен куттуктады. Балдар "Таберик" балдар музыкалык театрынын театралдаштырылган оюнун көрүштү.

Райондук иш-чаралар 3600 жаш шаар тургундарын камтып, аларга таттуу белектер берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД