
Жогорку сот Медербек Саккараевдин кассациялык арызын карап, жыйынтыгында Бишкек шаарынын административдик сотунун 21-декабрдагы чечимин жокко чыгарып, арызды канааттандыруу боюнча жаңы чечим кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган соттук актынын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын "№31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М. Саккараевди каттоону жокко чыгаруу жөнүндөгү" чечими жокко чыгарылды.