Президентке кат жолдогон жалал-абаддык окуучу белек алды

Жалал-Абад шаарында президентке кат жолдогон окуучу белек алды. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы мектептердин биринде 4-класста окуган Атабек Буржиев президент Садыр Жапаровго кат жазып, Жаңы жылга белек сураган.

Маалыматка караганда, бүгүн, 28-декабрда өлкө башчысынын жиберген белегин окуучуга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тапшырды.

Калаа башчысы Атабектин окууларына ийгиликтерди каалап, кирип келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Атабек белекти алууга апасы жана карындашы менен келген. Ал президент Садыр Жапаровдун жиберген белегине ыраазычылыгын билдирип, жаңы жылдык куттуктоосун жолдоду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД