Эльвира Сурабалдиева депутаттыкка ат салышат

БШКга талапкер Эльвира Сурабалдиевадан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра болуучу шайлоого арыз түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сурабалдиева Бишкектин №27 Биринчи Май шайлоо округунан депутаттыкка ат салышмакчы.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра болуучу шайлоо 2022-жылдын 27-фералында өтөт.

Ал эми талапкерлердин арыздарын кабыл алуу 2022-жылдын 27-январына чейин жүргүзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД