Бишкек мэриясынын спорттун жети түрү боюнча өткөн кубогу жыйынтыкталды

4-декабрдан 25-декабрга чейин борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаардык кеңешинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, муниципалдык администрацияларынын кызматкерлери арасында спорттун жети түрү боюнча (мини-футбол, волейбол, стол тенниси, шахмат, дартс, аркан тартыш, бильярд) мелдештер өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чарага жалпысынан 525 катышуучуну камтыган 20дан ашык команда катышты.

Жыйынтыгында мини-футбол боюнча жеңүүчүлөр:

• 1-орун – "БПАТП" МИ;

• 2-орун - Биринчи май акимиаты;

• 3-орун - "Бишкекжылуулукэнерго" КИ.

Волейбол:

• 1-орун – "Тазалык" МИ;

• 2-орун - Биринчи май акимиаты;

• 3-орун - Ленин акимиаты.

Теннис:

• 1-орун – "Бишкексууканал" башкармалыгы;

• 2-орун - Октябрь акимиаты;

• 3-орун - Коомдук - мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы.

Дартс:

• 1-орун – "Бишкексууканал" башкармалыгы;

• 2-орун – Шаардык чарба департаменти;

• 3-орун - Ленин акимиаты.

Аркан тартыш:

• 1-орун - Ленин акимиаты;

• 2-орун – "Бишкекжылуулукэнерго" КИ;

• 3-орун – "Бишкексууканал" башкармалыгы.

Шахмат:

• 1-орун - Свердлов акимиаты;

• 2-орун – Шаардык чарба департаменти;

• 3-орун - Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы.

Бильярд:

• 1-орун - Бишкекэнергосбыт;

• 2-орун - Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппараты;

• 3-орун - "Бишкекжылуулукэнерго" КИ.

Мэриянын кубогунун уюштуруучулары дене тарбия жана спорт башкармалыгы болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД