
"Манас" эл аралык аэропортунда 2021-жылдын 28-декабрынан 29-декабрына караган түнү коюу туман байкалууда.Бул тууралуу "Манас" ААКынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда.
"Алматыдагы кошумча аэродромго 3 учак конду – Кувейттен "Джазира", Дубайдан "Флай Дубай" жана Шарджадан "Эйр Арабия". Ошондой эле Москвадан "АвиаТраффик" жана Делиден "Аэро Номад Эйрлайнс" учактары Оштогу кошумча аэродромго конду. Андан сырткары, Маскаттан "Салам Эйр" учагы Ташкенттеги кошумча аэродромго конгон. Ички каттамдар дагы кармалууда", - деп билдиришти аэропорттун басма сөз кызматынан.
Аба каттамдары боюнча маалыматты "Манас" жана "Ош" аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот: "Манас" - 0 312 693109, "Ош" - 0 3222 90101
"Урматтуу жүргүнчүлөр жана коноктор, түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз! Биз үчүн коопсуздук баарынан артык!" – деп айтылат маалыматта.