МСК: Караколдо салык кызматкери коррупцияга байланыштуу кармалган жок

Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) Ысык-Көл облусунун Каракол шаары боюнча башкармалыгынын кызматкеринин кармалышы анын кызматтык ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес жана салык органынын ишине эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каракол шаары боюнча салык органынын кызматкерин опузалоо фактысы боюнча кармоо айылдаштарынын ортосундагы жеке жарандык мамилелердин алкагында жүргүзүлгөн жана анын кызматтык милдеттерин аткаруусуна тиешеси жок.

Эске салсак, Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы Ысык-Көлдө опузалап акча каражатын талап кылгандыгы үчүн салык кызматынын кызматкери кармалганын маалымдаган.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу РИИБне Челпек айылынын тургуну арыз менен кайрылып, "Эрадил" аттуу белгисиз жаран, зомбулукту колдонуу коркутуусу менен андан 50 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып жаткандыгын маалымдап, мыйзам чегинде чара көрүнүү сураган.

Жабырлануучунун арызы райондук милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 208 (Опузалап талап кылуу) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

27-декабрь күнү сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, кылмышка шектүү жарандын өздүгүн аныктоо жана аны колго түшүрүү боюнча тийиштүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп, турмушка ашырылды. Жабырлануучунун үйүнөн 10 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарын алып жаткан жеринен райондук милициянын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Ак-Суу районуна караштуу Бурма-Суу айылынын 28-жаштагы тургуну М.Э. кармалды. Кийинчерек, кылмышка шектүү катары кармалган жаран Каракол шаарынын мамлекеттик салык кызматынын кызматкери экендиги белгилүү болду.

Кылмышка шектелип кармалган жаран, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди.

Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД