
Сокулук районунда тоноочулукка шектүүлөр кармалды. Бул туурлауу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 19-декабрь күнү Сокулук районунун ИИБүнө 1977-жылы туулган Ж.К. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында болжол менен саат 22:00 чамаларында Жал айылындагы дүкөндөрдүн биринин жанынан белгисиз бирөөлөр анын денесине залал кетирип 10 миң сомдон жогору турган телефонун тартып алышып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелишип, 1985-жылы туулган А.Э. жана 1980-жылы туулган Т.А. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.