Баткенде милиция кызматкерлеринин балдарына балаты майрамы өткөрүлдү

Баткенде милиция кызматкерлеринин балдарына балаты майрамы өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен ОИИБнын жетекчиси Мурат Бороновдун демилгеси менен Баткен ИИОнун кызматкерлеринин жаш балдарына жаңы жылдык балаты уюштурулган.

Майрамга келген жаш наристелерге Баткен шаардык маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан жаңы жылдык спектакль көрсөтүлүп, ыр бийлер коштолду.

Жаш балдар өздөрүнүн ырларын Аяз атага айтып берип, белектерди алышты. Жаш балдар ар түрдүү жаныбарлардын элеси түшүрүлгөн кийимдерди кийишип өзгөчө жасанып келишкен. Балдардын жүздөрүндөгү кубаныч майрамдын шаңын арттырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД