Жалал-Абадда 3 окуучуга президенттин атынан уюлдук телефондор тапшырылды

Бүгүн, 29-декабрда Жалал-Абад облусунан КР президентине кат жазган балдардын белектери өз ээлерине жеткирилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдар менен ыйгарым укуктуу өкүл Абсаттар Сыргабаев жолугуп, жаш жеткинчектерге өлкө башчысы тарабынан жиберилген уюлдук телефондорду тапшырды.

Облус өкүлү окуучуларды Жаңы жыл менен куттуктап, окууларына ийгилик жана кең келечек каалап, өлкөнүн керегине жараган чыгаан инсандардан болуусун тиледи.

КР президентинен жаңы жылга карата уюлдук телефондор Жалал-Абад облусунан жалпы үч балага жиберилген. Алар Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагындагы №66 орто мектептин 8-классынын окуучусу Нурэл Мамрасулов, Аксы районунун Кербен шаарындагы №14 инновациялык жатак мектеп-лицейинин 5-классынын окуучусу Марсель Ооганов жана Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы Макмал орто мектебинин 4-классынын окуучусу Саламат Айдарбеков.

Мындан сырткары, өлкө башчысы тарабынан облустагы жалпы 456 ата-энесинен ажыраган балдарга майрамдык белектер жиберилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД