
Талас ОИИБи тарабынан окуучуларга белектер берилди. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-декабрь күнү Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Марлис Асанов орун басары милициянын полковниги Кушбеков Шукурбек жана жашы жете электер менен иштөөчү инспекторлор менен Талас районунун Кумарык айылына барды. Анда жайгашкан көмөкчү мектеп интернаттын окуучуларына Жаңы жыл майрамдарына карата ОИИБнин өздүк курамынын атынан оюнчук, азык-түлүк, таттуу жана суусундуктардан турган белектерди тапшырышты. Жаш балдарга майрамдык маанай тартуулап, куттуктоо сөздөрү айтылды.
Асанов Марлис: "Балдар биздин келечегибиз, андыктан биз аларга жакшы шарттарды түзүп берип, шыктандырып туруубуз керек. Келе жаткан жыл элибизге жакшылык алып келип, балдарыбыздын ден-соолуктары бекем болсун"-деди.
Интернаттын окуучулары берилген белектерди кубануу менен тосуп алышып, жылмаюулары менен милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти. Андан тышкары ОИИБнин жетекчилиги окуучулардын шарттары менен жакындан таанышып, муктаждыктары тууралуу маалымат алып кайтышты.