Соттолгондордун балдары үчүн алгачкы ирет жаңы жылдык майрам өткөрүлдү

Жаза аткаруу кызматы биринчи жолу соттолгондордун балдары үчүн жаңы жылдык майрам өткөрдү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы 27-декабрда биринчи жолу соттолгондордун балдары үчүн жаңы жылдык майрам өткөргөн.

Балдардын майрамы оюн-зоок жана сынактар ​​менен өтүп, белектер тапшырылды.

Соттолгондордун балдары, өзгөчө жашы жете элек, энесинин жана атасынын камкордугусуз калган балдар радикалдык таасирге дуушар болушат, оор физикалык жумуштарга тартылышат, четте калышат жана келечектеги кылмыштардын субъектилерине айланышат. Алар стигматизацияга жана дискриминацияга дуушар болгон калктын аялуу катмарынын бирин түзөт, тийиштүү билимге, медициналык жана социалдык кызматтарга ээ болуусу оор болуп, мамлекеттин жана жарандык коомдун жардамына муктаж. Ошондой эле ата-энелер дүйнөгө болгон көз карашын өзгөртүш керек.

ЖАКнын ардагерлер кеңеши, "Ынтымак береке" жана "Атадан балдарга" коомдук фонддору тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чара соттолгондорго балдары аркылуу таалим-тарбия берүү максатында өткөрүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД