
VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын алгачкы отурумунда парламент төрагалыгына Талант Мамытов жана Адахан Мадумаровдун талапкерлиги көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, Талант Мамытов "Ынтымак" фракциясынан, ал эми Адахан Мадумаров "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан көрсөтүлдү.