
"Ынтымак" фракциясынан депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын төрагасы болуп шайланды. Бюллетень боюнча шайлоо бүгүн, 29-декабрда өттү. Анын талапкерлигин 87 депутаттын 63ү колдогон.
Ал эми "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан сунушталган Адахан Мадумаровдун талапкерлигин 10 депутат колдогон. Дагы 14ү экөөнө тең каршы добуш берген.