Улуттук университет "жылдын мыктысы" аталды

Өлкөбүздөгү бараандуу Жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири болгон "Де Факто" коомдук саясий газетасы жыл мыктыларын аныктап, жыйынтыгында "Жылдын мыкты университети" наамын Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине ыйгарылды.

Басылмада белгиленгендей окуу жайдын быйылкы жыл ичиндеги жетишкендиктери, бир канча оңдоп түзөө иштери жана илимий багытта көп ийгиликтерди жараткандыгы анык. 2021-жыл ичинде окуу жай бир канча эл аралык мааанидеги илимий иш чараларды өткөргөндүгү эске алынып жыл мыктысы боло алды.

Ал эми окуу жайдын Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаментттин директору Каныбек уулу Ардакбек "Жылдын мыкты директору" наамына ээ болгон. Аталган департамент жыл ичинде бир нече кайрымдуулук акциясынанан баштап, жогорку деңгээлдеги маданий иш чараларды өткөрүп, жаштар менен иштешүүдө активдүү иш алып барып, университетти жакшы жагынан көрсөтө алгандыгы үчүн буга чейин дагы бир нече мамлекеттик сыйлыктардын ээси боло алган. Бир канча мыкты кадрларды даярдап өстүргөн окуу жайыбыздын зоболосу дагы да көтөрүлө берсин.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД