ИИМ уюшкан кылмыштуулукка бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы алдыга коюлган милдеттерди аткаруу максатында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комплекстүү ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө.

ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгы жарандарга жана ишкерлик жүргүзүүчү субъекттерге каршы багытталган тоноочулукту жана опузалап талап кылууну алдын алууга жана ага бөгөт коюуга, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча чараларды көрүүдө. Мындан сырткары, мурда жасалган кылмыштардын бетин ачууга, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо булактарын аныктоого багытталган иштер жүрүүдө.

2021-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жөнүндө" буйругуна ылайык, республиканын бардык аймагында уюшкан кылмыштуулуктун көрүнүштөрүн болтурбоо жана бөгөт коюу максатында каракчылыкка, тоноочулукка, опузалап талап кылууга, ошондой эле башка оор кылмыштарды жасоого катышкан адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү иш-чаралар күчөтүлгөн.

"Бандит" ыкчам алдын алуу иш-чарасы жана ушул сыяктуу башка иш-чаралары республиканын аймагында тынымсыз жүргүзүлүп, алар кылмыштуулуктун алдын алууга, кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюга, жарандардын укук бузууларга катыштыгы бар экендигин текшерүүгө, кылмыштуу идеологияны үгүттөгөн жана коомго жат аракеттерди жасаган адамдарды аныктоого, ошондой эле мурда соттолгондордун арасында алдын алууга багытталган.

Ички иштиер органдарынын биргелешкен мобилдик топтору элдер көп чогулган жерлерде иш алып барууда. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жарандар ички иштер органдарына жеткирилип, аларга алдын алуу –түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул аралыкта ИИМдин 3-башкармалыгы тарабынан уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, милициянын аймактык бөлүмдөрүнө иш жүзүндө жардамдар көрсөтүлдү. Алсак, 2021-жылдын 11 айында ички иштер органдарынын кызматкерлери ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн уюшкан кылмыштуулуктун 185 субъектисин кармашып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн сотко жөнөтүшкөн. Кармалган жарандар 155 ар кандай кылмыштарды жасоого шектелип, анын ичинен карактоо - 5, тоноо - 4, алдамчылык - 61, опузалоо - 5, бейбаштык - 21, уурдоо - 13 жана башка кылмыштар боюнча шектелүүдө.

ИИМнин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 1168 адам ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Ар кандай кылмыштарды жасап, камакка алынгандардын ичинен 9 адам кылмыш чөйрөсүндө жогорку статуска ээ. 2021-жылдын 11 айында уюшкан кылмыштуулуктун субъекттеринен 6 даана ок атуучу куралдар, анын ичинде тапанчалар, мылтыктар (обрез) алынган. 2021-жылдын 11 айында жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын негизинде издөөдө жүргөн 15 кармалган.

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгы кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы иш-аракеттерди активдүү жүргүздү. 2021-жылдын 11 ай ичинде мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан жалпы 107 коррупциялык жана экономикалык багытта кылмыш иштери аныкталган. Анын ичинен, соттордун кароосунда-25, 90 иш тергелүүдө, 21 жаранга кылмышка шектелген билдирүүлөр жеткирилген, 14 адам камакта.

Жогорудагы көрсөтүлгөн кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 1 250 000 000 сомду жана 3 500 000 АКШ долларын түзгөн. Бул келтирилген материалдык чыгымдын ичинен 60 000 000 сом жана 220 000 АКШ доллары азыркы убакытта өндүрүлүп берилген. Андан сырткары, 570 000 000 сом камакка алынган.

ИИМдин Басма сөз кызматы


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД