Ысык-Көлдө тор менен мыйзамсыз балык кармаган браконьер кармалды

Каракол шаардык милициясынын "Жыргалаң" бөлүмчөсүнүн милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү тарабынан Ысык-Көл көлүнөн атайын тор менен мыйзамсыз балык уулаган браконьер кармалды, Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, браконьер мыйзамсыз кармаган балыктарын үйүнө алып бара жаткан жеринен, милиция кызматкерлери тарабынан Пристань-Каракол айылчасынан кармалган. Мыйзамсыз балык уулоо үчүн, ал балык торлорун колдонгон. Кармалган жарандан 69 даана сига балыгы жана катери алынды.

Мыйзамсыз былык уулоо үчүн кармалган 41 жаштагы жергиликтүү тургун В.А.нын айтымында, ал көлдүн жээгинде жашагандыктан, оор жумуштан кийин балык уулоо менен эс алууну чечкен.

Аталган факт Каракол ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин ("Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында, чогулган материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД