Жаңы жылга караган түнү Бишкекте троллейбустар түнкү саат 1ге чейин иштейт

Борбор калаанын тургундарына ыңгайлуу болушу үчүн 31-январдан 1-январга караган түнү жаңы жылдык атайын каттам түнкү саат 01:00гө чейин каттайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда 6 троллейбустук каттамдын айдоочулары шаардыктарды төмөнкү багыттар боюнча үйлөрүнө жеткиришет:

№ 2, "Аламүдүн-1" кичи району - Фрунзе атындагы завод;

№ 4, эт комбинаты - Кожзавод;

№7, "Тунгуч" кичи району - "Ак-Өргө" конушу;

№10, "Асанбай" кичи району - Фрунзе атындагы завод;

№14 "Жогорку Жал" кичирайону - Киркомстром.

№ 17 "Асанбай" кичи району - Кожзавод.

Ошондой эле, жаңы жыл түнү саат 1ге чейин бардык каттамдарда автобустар, ошондой эле жеке кичи автобустар каттайт.

1-январдан тарта бардык муниципалдык коомдук транспорттор эртең мененки саат 08:00дөн 20:00гө чейин, ал эми кичи автобустар адаттагыдай эле атайын график менен иштейт.

2-январдан тарта бардык шаардык коомдук транспорт штаттык режимде иштей баштайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД