Кайгуул милиционерлери балдар үйүнүн тарбиялануучуларын куттукташты

Милициянын кайгуул кызматы балдар үйүнө барып, өспүрүмдөрдү кирип келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Жал кичи районунда жайгашкан Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда тарбияланып жаткан өспүрүмдөргө барып, балдарды кирип келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттукташты.

Жаш өспүрүмдөрдүн аз да болсо көңүлүн алуу максатында ар бирине атайын жаңы жылдык белектер таркатылып, жакшы сөздөр, жакшы каалоо-тилектер айтылды.

Башкармалыктын башчысы Алмазбек Исаков өздүк курамдын атынан өспүрүмдөрдү жаң жылы менен куттуктап, белектерди тапшыруу менен бирге өспүрүмдөрдү тарбиялап жаткан мугалимдерге – "бул жарандарыбыз да коомдун бир бөлүгү, андыктан буларда коомдун камкордугуна жана мээримине муктаж, ошондуктан биз милиция кызматкерлери дайыма кайрымдуулук иштерин кылууга аракет кылып келебиз", - деп мугалимдерге терең ыраазычылык билдирип, жаңы жыл майрамы менен куттуктады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД