Бабановдун адвокаты: "Эмнеге айыпталып жатканын түшүнгөн жокпуз"

Анын айтымында, КРнын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабановго "Кумтөр" боюнча эч кандай күнөө коюлушу мүмкүн эмес, анткени ал эреже бузгудай эч кандай аракеттерди жасаган эмес.

"Бабановго анын шектелип жаткандыгы тууралуу алдын ала эч кандай эскертүү келген эмес. Андыктан мен да, Бабанов да ал эмнеге шектелип жаткандыгын жана эмне үчүн камалганын түшүнбөй калдык", – дейт юрист.

Абдырахманов белгилегендей, Өмүрбек Бабанов 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын август айына чейин премьер-министрлик кызматты аркалаган. Бул убакыт аралыгында ал эки гана иш-аракет жасаган – биринчиси, "Кумтөр Голд Компани" тарабынан экологиялык мыйзамдардын сакталып жаткандыгын текшерүү боюнча комиссия түзгөн, ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Данияр Үсөнов тарабынан 16330 гектар жерди Кумтөргө өткөрүп берүү жөнүндө мурда кабыл алынган токтомду жокко чыгарган.

Бабановдун адвокатынын пикиринде, ал эч кандай мыйзамды бузган иш алпарган эмес.

Эскерте кетсек, ал кечээ 31-май күнү "Кумтөр" кени боюнча суракка келген жеринен камакка алынган.

Министрликтин маалыматы боюнча, УКМК, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлигинин ведомстволор аралык тергөө тобу "Кумтөр" кенин иштетүү долбоорунун ар кандай баскычтарындагы коррупция боюнча кылмыш иштерин иликтөөнү улантууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД