
Айыл чарба миинстри Аскарбек Жаныбеков кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады.
Анын куттуктоо сөзү төмөндө:
Жаңы жылдык майрамды өткөрүү келечекке болгон зор үмүт, аруу тилектер, ишеним менен коштолгон жагымдуу салт.
Жаңы жыл - бул биздин балдарыбыз үчүн сыйкырдуу майрам. Биздин балдарыбыз балалыктын бактылуу жана бейкапар доорун сүрсүн!
Бул күнү өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылып, кийинки жылга пландар аныкталат.
Өткөн жыл биздин аграрийлер үчүн оңой жыл болгон жок – пандемиянын өлкөнүн экономикасына тийгизген терс таасири суунун азайышы жана кургакчылык менен коштолду.
Күйүүчү-майлоочу майлардын, тамак-аш продуктуларынын баасынын жогорулагандыгы, инфляция биздин республикабыздын ар бир жашоочусуна таасирин тийгизди.
Айыл чарба министрлиги тарабынан 2021-жылы кандай иштер жасалды.
Биз агрардык сектордо системалуу реформаларды жүргүздүк.
Бир кыйла оперативдүү жана натыйжалуу башкаруу үчүн биз 16 ведомствону топтоп, Айыл чарба министрлигин толугу менен жаңырттык. Бүгүнкү күндө министрликтеги кадрлар жаңыртылган жана конкурстук негизде тандалган, жамааттын орточо жаш курагы 35 жашты түзөт (биздин команда келгенге чейин кызматкерлердин орточо жаш курагы 52 жаш болгон).
Биз үрөнчүлүк чарбалар аркылуу "супер элита" жана "элита" классындагы күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү миң тонна үрөнүн алдык жана септик. Фермерлерге айдоо үчүн 51 млн сом суммадагы үрөндүн дотациясы түрүндө колдоо көрсөтүлдү. Үч жылдын ичинде дан өсүмдүктөрүнүн, май алынуучу өсүмдүктөрдүн жана буурчак өсүмдүктөрүнүн үрөн фондун толугу менен жаңыртууну пландап жатабыз.
Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча 5 жылдык программа иштелип чыккан.
13 пилоттук токой чарбада токой чарба иштерин жакшыртуу үчүн 42 үй-кордондордун курулушу аяктоодо жана 9 токой чарбада 10 теплица курулган.
Биз токой секторундагы кызматташтык боюнча Азия уюмуна (AFoCO - Asian Forest Cooperation Organization) кирдик, 700 миң гектар аз өндүрүмдүү жерде токой өстүрүүгө гранттык каражаттарды тартуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүүдө, ошондой эле Кыргызстанда Орто Азия АФОКО регионалдык окуу борборун куруу маселеси иштелүүдө.
Асыл тукумдуу мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлгөн. "Элита" мамлекеттик асыл тукум борбору калыбына келтирилген, анда суюк азотту өндүрүү боюнча завод ишке киргизилген, ал жасалма жол менен уруктандырууну камсыздоо үчүн шарт түзөт.
Биз айыл чарба жаныбарларын ташып кирүүгө КНСти жойдук, бул малдын башын тезирээк жаңыртууга мүмкүндүк берет, мал чарбасын өнүктүрүү үчүн малды экспорттоо боюнча тыюу салууну жойдук.
2-августтан тартып алып келинген жаныбарлардын арасында ылаңдардын жайылышын алдын алуу үчүн 5 карантиндик станция ачылган. Алар аптада 7 күн, күнү-түнү иштейт, жаныбарларды талдоону, идентификациялоону жана документтерди тариздөөнү жүргүзөт.
Карантиндик посттордо менин кабинетимдеги монитордон көрүнүүчү онлайн видеобайкоо камералары орнотулган.
Биздин фермерлер 3 жылга чейин жер салыгын төлөөдөн бошотулду, эми алар эч кандай салык төлөбөйт.
Азык-түлүк товарларына рыноктук бааны стабилдештирүү үчүн шекерди, өсүмдүк майларын, тоютту ташып кирүүгө КНСнын нөлдүк ставкасын белгиледик.
Биздин ведомство Улуттук стабилдештирүү фондун түзүүнү демилгелеген, ал биринчи кезекте зарыл болгон продуктулардын стратегиялык запасын түзүүгө жана рыноктогу баа түзүүгө таасирин тийгизүүгө мүмкүндүк берет.
Биз фундаменталдык жана прикладдык илимдерди өнүктүрбөстөн айыл чарбасын өнүктүрүү мүмкүн эмес деп эсептейбиз.
Бүгүн биз иштеп чыккан стратегиялык артыкчылыктарга ылайык:
- заманбап жабдуулар менен жабдылган Биотехнологиялык борбор ачылган;
- зоотехниктерди жана ветеринарларды окутуу жана алардын жашоосу үчүн шарттар түзүлгөн агротехнопарк ишке киргизилген;
- акыркы жарым жылда Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтун өнүктүрүү үчүн кошумча 15 млн. сом инвестиция тартылган.
Мелиорация жана сугат боюнча, жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында республикадагы 512 га суу каптаган айдоо жерлеринин мелиорациясы жакшыртылган. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен 7 суу чарба объектинде, долбоордук-изилдөө иштеринин 16 объектинде курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча булактардын эсебинен 15 объектте инвестиция жүргүзүлүүдө.
Бардык скважиналарда инвентаризациялоо жүргүзүлгөн. Жаңы скважиналарды консервациялоо жана бургулоо боюнча иштер башталган, насостук станцияларды жана сугаруу системасын модернизациялоо долбоорунун үстүндө иштеп жатабыз.
Ош облусундагы Араван-Ак-Буура каналын реабилитациялоого 18,5 млн. $ бөлүнгөн.
Сугат суусунун тартыштыгын азайтуу максатында, биз эрте жазгы жана күзгү нымдуу заряддагы сугаттарды демилгеледик.
Бул жылы сугат системасын мурдагыдай жазында эмес, күзүндө баштадык жана ремонтко 100 млн. сом бөлүнгөн.
Алгачкы жолу Кыргыз Республикасында органикалык өндүрүүнүн улуттук стандарттары иштелип чыккан жана кабыл алынган.
Ысык-Көлдө 426 000 $USD суммадагы жана Ош шаарында 5 млн. $USD суммадагы органика боюнча окуу борборлору түзүлүүдө. Бул борборлордо фермерлер окутулат жана органикалык продукциялар сатылат.
"Экономикалык регионалдык өнүктүрүү" өнүктүрүү кластеринин долбоору ишке ашырылууда.
Долбоордун жардамы менен Ош облусун жана Ош шаарын комплекстүү негизде экономикалык жана регионалдык өнүктүрүү колдоого алынат. Долбоордун наркы 30 млн. АКШ доллары. Баткен облусунун АӨКны өнүктүрүүгө 25млн.$ бөлүнгөн.
Министрликтин деңгээлинде эки тараптуу кызматташтык маселелерин, ошондой эле айыл чарба продукцияларынын экспортун көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн чет өлкөлөрдүн дипломатиялык корпустары жана эл аралык донорлор менен 52 жолугушуу өткөрүлгөн.
Көз карандысыздыкка ээ болгондон бери биринчи жолу биз айыл чарба техникасынын лизингине, жамгыр менен сугаруу орнотмолоруна жана тамчылатып сугарууга жылдык 4,5% менен 426 млн. сом бөлүүгө жетиштик. Буга чейин 7-9% менен 532 млн. сом бөлүнгөн.
Айыл чарба жаныбарларынын лизинги сом менен жылдык 6%да жүргүзүлөт.
Заманбап соода-логистикалык борборлорду курууга 80 млн$ бөлүнгөн, алар кластерлердин негизин түзөт жана айыл чарба продукциясынын экспортун камсыздайт.
Бул жылы мамлекет айыл чарбасына пайызсыз көп каражатты жумшайт.
Үрөндү сатып алууга 1 млрд. сом, минералдык жер семирткичтерге 1 млрд. сом, ирригацияга 1 млрд. сом, АӨКны кластердик өнүктүрүүгө 9 млрд. сом бөлүнгөн. Мурдагы жылга салыштырмалуу секторго бардыгы 2,1 млрд. сом бөлүнгөн.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Биз жакынкы үч жылда айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн реалдуу, негизги шарттарды түздүк.
Биз 2024-жылга карата өлкөбүздү өзүбүздүн буудай менен толук түрдө жана ата-мекендик өндүрүштөгү негизги тамак-аш продуктулары менен 85% камсыздайбыз.
Ар бирибиз Жаңы жылдан жакшы гана нерселерди күтөбүз, анткени ал мурдагы жылга салыштырмалуу бир кыйла ийгиликтүү жана кубанычтуу болууга тийиш. Ошондой болсун деп тилейм, ал эми биз дасторкондо береке жана ар бир үйдө бакубатчылык болсун деп бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Сиздерге бардык жакшылыктарды каалайбыз!
