
Базар-Коргондо жаңы жылдык балаты өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-декабрда, таңкы саат 05:44тө Базар-Коргон шаарында жаңы жылга карата орнотулган балаты өрттөнүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, күйгөн балаты 05:49да чектөөгө алынып, өрт толугу менен саат 05:52де өчүрүлдү.
Майрамга карата кооздолуп жасалган балатынын 30 пайызы күйгөндүгү аныкталып, учурда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.