Чек ара кызматы: "Ак-Тилекте" кезек күткөндөр жок

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде топтолгон автомашиналар жок, баары тоскоолдуксуз өтүп жатышат. Бул тууралуу 1-июнда "Азаттык" радиосуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева:

"Кыргыз-казак чек арасында бардыгы штаттык режимде иштеп жатат. Топтолгондор, кезек күткөндөр жок".

Өткөн аптанын орто ченинде аталган бекетте Казакстанга кирүү үчүн 80-90 автоунаа кезекте турган.

Чек ара кызматы мындай узун тыгын экономика жанданып, оор жүк ташыгандар көбөйгөнүнө байланыштуу экенин билдирген.

"Ак-Тилекте" кезек күткөн айдоочулар "Азаттыктын" кабарчысына бекетте 26-майдан бери турушканын, алар коронавирус боюнча ПЧР тесттин 72 сааттык мөөнөтү өтүп кетсе кайра артка кайтууга мажбур болорун айтып беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД