Кыргызстанда жаңы жыл түнү 265 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Кыргызстанда жаңы жыл түнү 265 ымыркай жарык дүйнөгө келди, алардын ичинен бирөө эгиз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын 144ү – эркек болсо, 121и – кыз.

Түнкү саат 00:01де Талас облусундагы бириккен ооруканасында салмагы 3,160 кг болгон эркек бала жарык дүйнөгө келсе, Сузак районундагы жалпы практикалык дарыгерлердин борборунда саат 00:05те салмагы 3,600 кг болгон эркек төрөлгөн.

Эң көп төрөт Жалал-Абад облусунда катталган, 64 ымыркай жарык дүйнөгө келген, Бишкек шаарында болсо 56 бала.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД