Жаза аткаруу кызматы өткөн жылды оркестрдин коштоосунда жыйынтыктады

Жаза аткаруу кызматынын департаменти өткөн жылды аскердик оркестрдин концерти менен жыйынтыктады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков, ЖАКнын төрагасы Аскат Эгембердиев, республикалык жоокерлердин энелеринин комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова, ЖАКнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Советбек Арбаев, кайтаруу жана күзөтүү департаментинин командири полковник Улан Бердикожоев, ардагерлер жубайлары менен, кызматкерлер, жоокерлер катышты.

Төрага жаңы жыл менен куттуктап, "кызмат оор болгонуна карабай спорт, маданият боюнча кызматкерлер дүйнөлүк деңгээлдеги чоң жетишкендиктерге жетишши. Ушул жылы баштаган иштерибизди улантып, койгон пландарды ишке ашыралы", - деди.

Айлык маяна келерки жылдан тарта мамлекет жетекчилердин колдоосу менен көбөйгөнүн кабарлады.

Юстиция министринин орун басары, министрдин атынан куттуктоосун окуп берди. Жетишкендиктер менен куттуктады. Жаза аткаруу кызматы бул адам укугун коргойт, коргойт десе эле жетелеп жүрүү эмес. Жаза тайган жарандарыбызды сактап, коргоп аларды обочолоп багуу, социалдаштыруу да адам укугун коргоо.

Тарыхы бай департаментти, анан аскер оркестрин жана уюштурган командирди куттуктап ыразычылык билдирди. Өзүңөр билгендей Манас эпосубузда да Манас атабыз баш болуп музыканын коштоосуна аттанганын билесиздер деди.

Уулкан Байгубатова айлыкка аябай кубанычтамын, өзгөчө аскер айымдардын салымы үчүн рахмат деп ыраазычылык билдирди.

Аталган жыйынга ардагерлер жубайлары менен чакырылды.

Аскер оркестр жандуу үн менен элдик ырлардан, белгилүү чыгармаларды аткарышты. Чакырылган коноктор департаменттин аллеясы, андагы айкелдер, жоокерлердин жашоо жана окуу шарттары менен тааныштырылды.

Баардак катышуучулар майрамдык маанайда ыраазычылык менен тарашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД