Өлкөнүн билим тармагы, илимпоздор чөйрөсү оор жоготууга учурады

Өлкөнүн билим тармагы, илимпоздор чөйрөсү оор жоготууга учурады. Кырчындай кырк жаштын кыйырында, келечегинен көптү үмүттөндүргөн окумуштуу, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Прикладдык математика жана телекоммуникация институтунун директору, Прикладдык информатика кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Аманалиева Махабат Олжобековна мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Махабат Олжобековна 1980-жылы 28-августта Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылында туулган. Жаштайынан билим алууга умтулган Махабат Олжобековна 1997-жылы Чоң-Дөбө айылындагы Тыналы атындагы орто мектепти артыкчылык менен аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине тапшырып, аны 2002-жылы артыкчылык менен бүтүрүп, прикладдык математика адистигине ээ болгон.

2004-2008-жылдары Кыргыз Экономикалык Университетинин аспирантурасында "Экономика жана эл чарбасын башкаруу" багытында окуп, 2008-2011-жылдары Евразия Университетинде "Экономика" адистиги боюнча экинчи жогорку билим алган.

Махабат Олжобековна 2002-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинде эмгектенип, ал аралыкта катардагы окутуучудан, ага окутуучу, кафедра башчысы, Прикладдык математика жана телекоммуникация институтунун директору кызматтарын басып өткөн.

2014-жылы "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнүн экономикалык болжолу" темасы боюнча кандидаттык диссертациясын жактап, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен экономика илимдердин кандидаты илимий даражасы ыйгарылган.

Ал илимпоз катары дайыма изденүүнүн үстүндө болду. Кыргыз окумуштууларынын ичинен блокчейн жана криптовалюта, маалыматтык жана санариптик технологиялар боюнча алгачкы иликтөөчүлөрүнүн бири болгон. Москва, Алматы шаарларында өткөн илимий конференцияларга катышып, бул темаларда баяндама жасаган.

Окуган лекцияларынын тематикасынан эле Махабат Олжобековнанын чабыты кенен окумуштуу болгонун көрөбүз. Алсак, "Компьютердик тармактар жана технологиялар", "Маалыматтык системаларды башкаруу", "Интеллектуалдык маалыматтык системалар", "Электрондук бизнес", "Бизнестин интернет технологиялары," "Компьютердик графика" өңдүү заманбап технологиянын агымына ылайыкталган илимий багыттарда олуттуу, салмактуу иликтөөлөрдү, изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

Мындан тышкары да, Махабат Олжобековна "Эконометрика", "Экономикадагы математикалык ыкмалар", "Экономикадагы маалыматтык технологиялар" предметтери боюнча окуу-методикалык комплексин иштеп чыккан. Ал "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнүн экономикалык болжолу" аттуу монографиянын, "Чечимдерди кабыл алуунун сандык ыкмалары", "Экономикадагы санариптик технологиялар", "Жасалма интеллект жана пролог тили" өңдүү ондогон илимий эмгектердин, ошондой эле 50гө жакын илимий макалалардын, окуу-методикалык куралдардын автору болгон.

Махабат Аманалиеванын илимди өнүктүрүүгө кошкон салымы, илимге жасаган эмгеги бааланып, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Ардак грамотасы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Ардак грамотасы, Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Ардак грамотасы", Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы наамы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы, Экономика министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Өкүнүчтүүсү, таш боор ажал өмүрүнүн гүлдөп турган чагында, таланттуу илимпоз, окумуштуу Махабат Олжобековнаны арабыздан бөлүп отурат. Анын илимде жасай турган иштери али алдыда эле. Арга жок... Махабат Олжобековна көз ирмемге созулган кыска өмүрүн өрнөктүү жашап, илимде муундарга калчу баасы бийик эмгектерин, жакындарынын, кесиптештеринин элесине жароокерлигин, боорукерлигин, бийик адамдык касиетин, инсандык асыл сапаттарын калтырып кетти.

Эл оозунда "ӨЛҮП БИРОК ЖАШАЙ БЕРЧҮ ӨМҮР БАР" – деген кеменгер кеп бар. Анысы кандай, эми сиздин экинчи өмүрүңүз башталды. Ал өмүр өзүңүз билим берген келечек муундун, изилдеген эмгектериңиздин кан-жанында, ар бир сабында уланат!

Жаткан жериңиз жайлуу болсун. Сиздин жаркын элесиңиз биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД