
Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 4226 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 24-декабрынан тартып, 30-декабрына чейин, Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 4226 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Мас абалында авто унаа башкаруу -93 айдоочу;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -11;
-Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу 38;
-Жасалма номур менен авто унаа айдоо -1;
-Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар 108;
-Башка жол эрежелерин бузуулар 3973;
269 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.