
РЕН ТВ Кыргызстандын тийиштүү органдарынан эфирге чыгууга тыюу салган эч кандай маалымат албаганын билдирди. Бул тууралуу маалымат аталган телеканалдын сайтында жарыяланды.
Телеканалдын билдирүүсүнө ылайык, анын Кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы ишмердүүлүгү такай жергиликтүү мыйзамга ылайык жүргүзүлүп келген жана кырдаалды териштирет.
Эске салсак, буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги телеканалдарга лицензиялык көзөмөл жүргүзүп, жыйынтыгында телеканалдарда мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш боюнча эреже талаптарын сактоо боюнча бузуулар аныкталганын кабарлаган. Ушуга байланыштуу колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде төмөнкү телерадиоканалды жайгаштыруу уруксаты токтотулду: "8 канал", "РТВ Медиа", "НТВ КейДжи" жана "Домашний". Ошондой эле, "РЕН ТВ" телеканалынын берилген уруксатын жокко чыгаруу боюнча арызынын негизинде 2022-жылдын 1-январынан баштап эфирге чугууну токтото турганын билдирген.