
Сүлүктү шаарында милиция кызматкерлери тарабынан "Арсенал" иш-чарасы өткөрүлүп, каттоодо турган жарандардын ок атуучу куралдарын, жардыруучу, уулуу зат сакталган кампалардын сакталуу эрежелерин текшерилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 400гө жакын кожолук текшерилип, ок атуучу куралдарын каттоо мөөнөтүн бузган бир жаранга КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 134-беренеси ("Ок атуучу, газ пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөтүн бузуу") менен прокол түзүлдү.
Мындан сырткары Сүлүктү шаарынын 2 жараны мыйзамсыз сактап жүргөн 2 сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырды.