
Бишкекте бүгүн саат 08:15 чамасында Шабдан Баатыр көчөсү менен бара жаткан Toyota Proboks үлгүсүндөгү унаанын аял айдоочусу "Тазалык" ишканасынын кызматкерин сүзүп кетти. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын натыйжасында муниципалдык кызматтын кызматкери 1987-жылы туулган К.С. аттуу жаран кырсык болгон жерден каза болгон.
Учурда унаа убактылуу кармоочу жайга токтотулду. Айдоочу Тергөө кызматына жеткирилген.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын декабрь айында ушундай эле эки окуя болгон: анда кырсыктын кесепетинен "Тазалык" ишканасынын эки кызматкери окуя болгон жерде каза болгон.